ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 31 мая 2017 года № 316 «Об утверждении Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Латвийской Республики о сотрудничестве в области образования и науки, подписанного 17 октября 2016 года в городе Бишкек»

Редакцияот 31.05.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 31-майы № 316

Бишкек шаарында 2016-жылдын 17-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарында 2016-жылдын 17-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык жөнүндө мамлекеттик тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө латвия тарапка кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков