ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 24 августа 2017 года № 523 «О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики «Об утверждении Положения о ведении государственных реестров аудиторов, аудиторских организаций, индивидуальных аудиторов, профессиональных аудиторских объединений в Кыргызской Республике и Порядка представления отчета об аудиторской деятельности аудиторскими организациями и индивидуальными аудиторами» от 30 марта 2011 года № 127»

Редакцияот 24.08.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 24-августу № 523

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-мартындагы № 127 "Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жана аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчет берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

Өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-мартындагы № 127 "Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жана аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчёт берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу

 

М.Абулгазиев