ПостановлениеДействует

Ак-Таш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 9-сентябрындагы № 21/5 «Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жеке менчик үй куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү токтомду бекитип берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 09.09.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Таш айылдык Кеӊешинин кезектеги 21 сессиясы (бешинчи шайланган)

 

2016-жылдын 9-сентябры № 21/5

Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жеке менчик үй куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү токтомду бекитип берүү жөнүндө

Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашаган тургундарына жеке менчик үй куруу үчүн жер тилкелерин ажыратып берүү жөнүндөгү Ак-Таш өкмөтүнүн 11.08.2016 жылдагы №25 токтомун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,13,32 статььяларына ылайык, Ак-Таш айылдык Кеңеши токтом кылат

ТОКТОМ:

1. Жеке менчик үй куруу үчүн Ак-Таш айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун Отуз-Адыр (Беш үй) участкасындагы кайракы жеринен 76,0 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү 11.08.216-жылдагы №25 токтому бекитилсин.

2. Ушул токтомду бекитип жана Ош облустук мамлекеттик администрациясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрага

 

Б.Акимов