Закон КР от 14 июля 2015 года № 165 «О ратификации Кредитного соглашения»Реабилитация системы водоснабжения и канализации в городе Токмок«между Кыргызской Республикой и Европейским банком реконструкции и развития и Соглашения о Гранте между Кыргызской Республикой, мэрией города Токмок, муниципальным предприятием»Токмокводоканал«и Европейским банком реконструкции и развития для проекта»Реабилитация системы водоснабжения и канализации в городе Токмок«, финансируемого из средств Европейского Союза через Инвестиционный фонд ЕС для Центральной Азии и Специального фонда учредителей ЕБРР, подписанных 26 января 2015 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 14-июлу № 165
2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токмок шаарында суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо" жөнүндө Кредиттик макулдашууну жана Европа Бирлигинин каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу "Токмок шаарында суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо" долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, "Токмок суу канал" муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токмок шаарында суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо" жөнүндө Кредиттик макулдашуу жана Европа Бирлигинин каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу "Токмок шаарында суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо" долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, "Токмок суу канал" муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарлансын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 21-июлунда № 66 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |