Закон КР от 8 июля 2016 года № 106 «О ратификации Кредитного соглашения между Кыргызской Республикой и Европейским банком реконструкции и развития по проекту «Реабилитация системы водоснабжения и канализации в городе Баткен» и Соглашения о гранте между Кыргызской Республикой, мэрией города Баткен, муниципальным предприятием «Таза-Суу» и Европейским банком реконструкции и развития относительно инвестиционного гранта, предоставляемого Специальным фондом учредителей ЕБРР, подписанных 8 июня 2015 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 8-июлу № 106
2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, "Таза-Суу" муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка тийиштүү Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, "Таза-Суу" муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка тийиштүү Грант жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |