Закон КР от 21 июля 2016 года № 128 «О ратификации Соглашения о финансировании (Проект по интегрированному управлению лесными экосистемами) между Кыргызской Республикой и Международной ассоциацией развития и Соглашения о Гранте (Проект по интегрированному управлению лесными экосистемами) между Кыргызской Республикой и Международным банком реконструкции и развития, выступающим в качестве Исполнительного агентства Глобального экологического фонда, подписанных 18 января 2016 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 21-июлу № 128
2016-жылдын 18-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2016-жылдын 18-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуу (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банкка жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |