Закон КР от 27 октября 2017 года № 187 «О ратификации Кредитного соглашения между Кыргызской Республикой и Европейским банком реконструкции и развития по проекту»Реабилитация системы водоснабжения в городе Токтогул«, подписанного 11 мая 2017 года в городе Никосия, и Грантового соглашения между Кыргызской Республикой и Европейским банком реконструкции и развития относительно инвестиционного гранта от Европейского союза, предоставляемого по проекту»Реабилитация системы водоснабжения в городе Токтогул«, подписанного 11 мая 2017 года в городе Никосия»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 27-октябры № 187
2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2017-жылдын 28-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |