ЗаконДействует

Закон КР от 6 марта 2018 года № 27 «О ратификации Соглашения о защите секретной информации в рамках Содружества Независимых Государств, подписанного 25 октября 2013 года в городе Минск»

Редакцияот 06.03.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 6-марты № 27

2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

2018-жылдын 25-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы катары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аныкталсын.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жана Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы жөнүндө кабарласын.

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков