Закон КР от 5 июня 2018 года № 59 «О ратификации Письма-соглашения между Кыргызской Республикой и Международной ассоциацией развития и Международным банком реконструкции и развития, выступающими в качестве администратора грантовых средств, предоставляемых различными донорами в рамках Многостороннего трастового фонда для реализации Второго проекта «Развитие потенциала в области управления государственными финансами в Кыргызской Республике» (Грант № TF0A3998), подписанного 24 января 2018 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 5-июну № 59
2018-жылдын 24-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү" (№ TF0A3998 Грант) экинчи долбоорун ишке ашыруу үчүн макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө
2018-жылдын 30-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2018-жылдын 24-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү" (№ TF0A3998 Грант) экинчи долбоорун ишке ашыруу үчүн макулдашуу-каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу-катынын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |