Закон КР от 25 сентября 2020 года № 151 «О ратификации Соглашения о финансировании между Кыргызской Республикой и Международной ассоциацией развития по проекту экстренной поддержки микро-, малых и средних предприятий и Соглашения о займе между Кыргызской Республикой и Азиатским банком инфраструктурных инвестиций по проекту экстренной поддержки частного и финансового сектора, подписанных 2 сентября 2020 года»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 25-сентябры № 151
2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 81 (3153) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
2020-жылдын 3-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |