К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 28 ноября 2017 года № 775 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Протокола о взаимодействии государств-членов Организации Договора о коллективной безопасности по противодействию преступной деятельности в информационной сфере, подписанного 23 декабря 2014 года в городе Москве»

Реквизиты

РусКырг
Номер
№ 775
Принят
28 ноября 2017 года
Издал
Правительство Кыргызской Республики

Регистрация и публикация

В реестре с
30 ноября 2017 года

В реестре

Код Минюста
11562

Официальная страница Минюста

Категория

Заключение на проект ЗаконаНормативные актыНормативные акты. ПроектПроект Закона
Редакцияот 28.11.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 28-ноябры № 775

"Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

 

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министри

С. Исаков

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протокол ратификациялансын.

2-берене.

Аталган Протоколду ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы катары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аныкталсын.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жана аталган Протоколду ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу компетенттүү органы жөнүндө кабарласын.

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 775 токтому менен жактырылган

Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ

Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү, тууралуу протоколго Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган.

Протоколдун жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.

Протокол Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 19-декабрындагы № 228 буйругу менен жактырылган.

Протокол Тараптардын маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштуу иштерге каршы аракеттенүү боюнча кызматташуу тартибин, аны жана алардын маалыматтык мейкиндигин деструктивдүү таасирлерден жана Тараптардын улуттук мыйзамдарында тыюу салынган максаттарда Интернет тармагындагы улуттук сегменттерди пайдаланууга каршы аракеттерден коргоо кызыкчылыгындагы кызматташтыгына багытталган.

Протоколдун 16-беренесине ылайык ага кол койгон Тараптар зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун мүчө мамлекеттер тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү төртүнчү кабарлоону депозитарий алган датадан тартып күчүнө кирет.

Ушул Протоколду ратификациялоо зарылдыгы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташууну өнүктүрүүгө жана маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштуу иштерге каршы аракеттенүү боюнча маалымат алмашууга карата өз ара умтулуусу менен түшүндүрүлөт.

Протоколду ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.