ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 22 января 2018 года № 43 «О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об аккредитации органов по оценке соответствия в Кыргызской Республике«от 16 ноября 2006 года № 795»

Редакцияот 22.01.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 22-январы № 43

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин курамын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жобонун III бөлүгүндө:

- "19", "6", "6", "6" сандары иретине жараша "13", "4", "4", "4" сандары менен алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институту", илимий-изилдөө институттары, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдор" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор, илимий-изилдөө институттары, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюм" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С. Исаков