ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 22 января 2018 года № 47 «О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об утверждении Положения о порядке исчисления выслуги лет, назначения и выплаты пенсий и пособий военнослужащим прокурорам и следователям органов прокуратуры, лицам рядового и начальствующего состава уполномоченного государственного органа, ведающего вопросами внутренних дел, уполномоченного государственного органа в сфере профилактики и тушения пожаров, органов финансовой полиции, службы специальной связи, уголовно-исполнительной системы, органа по контролю наркотиков и их семьям«от 13 января 1995 года № 12»

Редакцияот 22.01.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 22-январы № 47

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызмат адамдарын социалдык коргоону жогорулатуу максатында "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө карты кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

4-тиркемесинин 3-пунктунун "г" пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жетинчи башкы башкармалыгынын жетектөөчү курамына.".

2. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жетинчи башкы башкармалыгында мурда кызмат өтөп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынан бошотулган адамдарга пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдары кайра каралбайт деп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

С. Исаков