ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 30 января 2018 года № 62 «О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об утверждении Социального пакета телеканалов эфирного цифрового наземного вещания в Кыргызской Республике«от 9 октября 2014 года № 593»

Редакцияот 30.01.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 30-январы № 62

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын калкынын маалымат алуусун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту "Кыргыз Республикасында" деген сөздөрдөн кийин "2018-2020-жылдарга" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин аталышы "Кыргыз Республикасында" деген сөздөрдөн кийин "2018-2020-жылдарга" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С. Исаков