ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 8 февраля 2018 года № 82 «О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики»О Координационном совете по защите прав потребителей при Правительстве Кыргызской Республики«от 22 июля 2003 года № 451»

Редакцияот 08.02.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 8-февралы № 82

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына берилген айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:

- өзүнүн чечими менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңешти түзсүн;

- керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын бирликтеринин, ассоциацияларынын) макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С. Исаков