ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 22 мая 2018 года № 240 «О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики»О ведомственной газете Государственной кадровой службы Кыргызской Республики «ММК - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат» от 31 декабря 2013 года № 723"

Редакцияот 22.05.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 22-майы № 240

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "ММК - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" ведомстволук гезити жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдөгү бирдей конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн аларды маалымдоонун туруктуу системасын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "ММК - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" ведомстволук гезити жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласы:

"мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;

", Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине" деген сөздөр алып салынсын;

- 1-пунктундагы "(башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге)" деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев