Закон КР от 27 марта 2003 года № 66 «Об инвестициях в Кыргызской Республике»
Этот документ есть на русском языкеРусский
Бишкек шаары2003-жылдын 27-марты № 66 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 14-июнундагы № 76, 2006-жылдын 31-июлундагы № 144, 2008-жылдын 23-июнундагы № 127, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 1-Глава. Жалпы жоболор 2-Глава. Инвесторлор үчүн мыйзамдык кепилдиктер 3-Глава. Инвесторлорду жана инвестицияларды мамлекеттик колдоо 4-Глава. Инвесторлор үчүн эмгек мыйзамдарынын көрсөтмөлөрү 5-Глава. Корутунду жоболор Ушул Мыйзам республикада инвестициялык абалды жакшыртууга жана ин-весторлорго адилеттүү, тењ укуктук режимди жана Кыргыз Республикасынынэкономикасына инвесторлор тарткан инвестицияларды коргоо кепилдигинберүү аркылуу ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларга түрткүберүүгө багытталган мамлекеттик инвестициялык саясаттын негизги прин-циптерин белгилейт. 1-Глава Жалпы жоболор 1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр 1. Инвестициялар - бул пайда алуу жана башка пайдалуу натыйжага ээболуу максатында экономикалык иш-аракеттин объектилерине салынган, ин-вестордун менчигинде турган же ал тарабынан тикелей же кыйыр түрдө кө-зөмөлдөнгөн активдердин бардык түрлөрүнүн төмөнкү түрдөгү материалдыкжана материалдык эмес салуулары: - акча каражаттары; - кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк; - мүлк укуктары (ипотека, мүлктү кармап турууга укук, күрөө жанабашкалар); - акциялар жана юридикалык жак катары катышуунун башка формалары; - облигациялар жана башка карыз милдеттенмелери; - мүлктүк эмес укуктар (анын ичинде ишкердик беделин, автордукукуктарды, патенттерди, товардык белгилерди, өнөр жай үлгүлөрүн, техно-логиялык процесстерди, фирмалык аталыштарды жана ноу-хауну кошо алгандаинтеллектуалдык менчикке укук); - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан берилгенлицензияларга же башка формага негизделген иш-аракетти жүзөгө ашыруучубардык укуктар; - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын издөөгө, иштетүүгө,казып алууга же эксплуатациялоого концессияны кошо алганда Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына негизделген концессиялар; - инвестициялоодон алынган жана Кыргыз Республикасынын аймагындареинвестицияланган пайдалар же кирешелер; - инвестициялоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюусалынбаган башка формалары. Мүлк инвестициялануучу форма же бул форманын өзгөрүшү инвестициякатары анын мүнөзүнө таасирин тийгизбейт. (КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 2. Тике инвестициялар - Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөнже кайра түзүлүүчү корпорацияланган ишканалардагы добуш берүүчү акция-лардын же акционердик коомдун акционерлеринин добуштарынын үчтөн бири-нен кем эмес пайызына ээлик кылуу, болбосо сатып алуу же корпорациялан-баган ишканаларда мындай катыштын эквиваленти жана инвестор менен ин-вестициялануучу ишкананын ортосундагы бардык кийинки операциялар, Кыр-гыз Республикасынын аймагында түзүлүүчү юридикалык жактын филиалдары-нын, өкүлчүлүктөрүнүн негизги фонддоруна капитал салуу. 3. Инвестор - тике инвестиция формасында жеке, карыз же тартылганкаражаттарды салууну ишке ашыруучу инвестициялык иш-аракеттин субъекти. Ата мекендик инвестор - Кыргыз Республикасынын юридикалык жана же-ке жактары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резиденти статусуна ээболгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык иш-аракет-терди жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар; Чет өлкөлүк инвестор - ата мекендик инвестор болуп саналбаган жанаКыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция салууну жүзөгө ашыруучубардык эле жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде: 1) чет өлкөлүк жаран деп саналган жеке жак же Кыргыз Республикасы-нан тышкары такай жашоочу жарандыгы жок жактар; 2) юридикалык жак: чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган; же чет өлкөлүктөрдүн катышы менен түзүлгөн, башкача айтканда, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык уюмдаштырылган төмөнкүдөй жактар; а) чет өлкөлүк бир же андан көп жеке, юридикалык жактарга толуктаандык; же б) жазуу жүзүндө контракт, көпчүлүк добуш берүүчү акцияларды сатууукугу, аткаруу же байкоочу органдардын көпчүлүк мүчөлөрүн дайындоо уку-гу аркылуу чет өлкөлүк бир же андан көп жеке, юридикалык жактар конт-ролдоочу жана башкаруучу; же в) добуш берүүчү акциялардын же чет өлкөдө такай жашоочу четөлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок жактардын же ушул статьяда аталганюридикалык жактардын менчигинде турган акционерлердин добушунун үчтөнбиринен кем эмеси; 3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин негизинде түзүлгөнюридикалык жак; 4) юридикалык жак болуп саналбаган чет өлкөлүк уюм; 5) эл аралык уюм. 4. Инвестициялык иш-аракет - инвестордун өз инвестициясына каратаиштиктүү аракетти жүзөгө ашыруусу. 5. Реинвестирлөө - Кыргыз Республикасында инвесторлор инвестиция-дан алган кирешелердин же пайдалардын эсебинен Кыргыз Республикасынынаймагындагы ишкерлик иш-аракеттин объекттерине тартылган инвестициялар. 6. Инвестициялык талаш-тартыштар - инвестор менен Кыргыз Республи-касынын мамлекеттик органдарынын, кызмат адамдарынын жана инвестициялыкиштин башка катышуучуларынын ортосунда инвестицияларды сатууда келипчыгуучу талаш-тартыштар. 7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасында ин-вестицияны илгерилетүүгө жана инвестициялык ишти координациялоону ишкеашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттикорганы. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу орган жөнүндө Жобо КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 2-статья. Инвестициялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары 1. Инвестициялык режимди жөнгө салуучу мыйзамдар Кыргыз Республи-касынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башкамыйзамдарынан жана ченемдик укуктук актыларынан турат. 2. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, улуттук коопсуздук, са-ламаттык сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо, салык салуу маселелери ме-нен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кошпогондо, КыргызРеспубликасынын инвестиция, бажы мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толук-тоолор киргизилген учурда инвесторлор өзүнүн инвесторлук ишин баштаганучурдан тартып он жыл ичинде (инвестициялык макулдашууда каралган мөө-нөттө) өздөрүнө алда канча ыњгайлуу болгон шарттарды тандап алуугаукуктуу. 3. Ушул Мыйзамдын жоболору менен Кыргыз Республикасы катышуучу бо-луп саналган эл аралык келишимдердин шарттарынын ортосунда карама-кар-шылыктар болгон учурда эл аралык келишимдин шарттары колдонулат. (КР 2006-жылдын 31-июлундагы № 144, 2008-жылдын 17-октябрындагы №231 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 3-статья. Ушул Мыйзамдын аракет чөйрөсү 1. Кыргыз Республикасында тике инвестицияларга байланышкан мамиле-лер ушул Мыйзам менен, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынганКыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө са-лынат. 2. Кредиттик жана камсыздандыруу уюмдарына инвестициялар КыргызРеспубликасынын өзүнчө ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 2-Глава Инвесторлор үчүн мыйзамдык кепилдиктер 4-статья. Инвестицияларды жана инвесторлорду коргоо кепилдиктери 1. Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын аймагында инвестици-яларды жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк инвесторлорго Кыргыз Республикасынынюридикалык жана жеке жактарына карата колдонулуучу экономикалык иштинулуттук режимин түзүп берет. 2. Кыргыз Республикасында инвестициялык иш-аракетке байланыштуужүргөн чет өлкөлүк инвесторлор, алардын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк кыз-маткерлер Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен Кыргыз Рес-публикасынын бүткүл аймагында болуунун шарттары жана тартиби белгилен-ген аймактардан башка аймактарда эркин жүрүүгө укуктуу. 3. Кыргыз Республикасы өзү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары-нын атынан жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жарандуулугу-на, улутуна, тилине, жынысына, расасына, динине, алардын экономикалыкиш-аракетти жүргүзүү ордуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарында каралган учурларды албаганда, инвесторлор же инвестициялар кел-ген өлкөгө карабастан тењ инвестициялык укуктарды берет. 4. Кыргыз Республикасы өзү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары-нын, кызмат адамдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-нын атынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башкаучурда, инвесторлордун экономикалык иш-аракетине, укуктарына жана мый-замдуу таанылган таламдарына кийлигишүүгө тыюу салат. 5. Ушул статьянын жоболорун сактабаган Кыргыз Республикасынын кыз-мат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтартат. 6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кепилденген инвестор-лордун бузулган укуктарын жана таламдарын калыбына келтирүү Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдары жана эл аралык келишимдери менен жөнгө салынат. 7. Республиканын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарында жанасоциалдык чөйрөсүндө, ошондой эле белгилүү бир аймагында инвестициялар-ды жүзөгө ашыруучу инвесторлорго өнүгүүнүн мамлекеттик программаларына(долбоорлоруна) ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизиндеинвестициялык жењилдиктер каралышы мүмкүн. 8. Инвестициялар объектке жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын-да тыюу салынбаган иш-аракеттин түрлөрүнө, анын ичинде "Лицензиялоожөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштин лицензиялануучутүрлөрүнө бардык формада жүзөгө ашырылат. (2004-жылдын 14-июнундагы N 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 5-статья. Инвестицияларды, мүлктү жана маалыматты Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга жана репатриациялоого кепилдиктер 1. Инвестор ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган ордун толтуруунуэркин алмаштыруучу валютада Кыргыз Республикасынын аймагындагы инвести-циялардан алынган кирешелердей эле төмөнкүлөрдү кошуп, бирок чектелбес-тен алып чыгууга же репатриациялоого укуктуу: а) дивиденддер, пайыздар жана түшүүлөрдүн башка түрлөрү катары ин-вестициялардан алынган пайданы; б) Кыргыз Республикасында инвестициялык иш жарым-жартылай же толу-гу менен токтогондон кийин Кыргыз Республикасына же башка кредиторлоргокарата инвестордун милдеттерин аткаруу боюнча зыян келтирбестен инвес-тициялардан, менчиктен жана мүлк укуктарынан ажыратылгандан кийин ин-весторлор алган каражаттар. 2. Мүлктү жана документ түрүндө же электрондук алып жүрүүчүлөрдөжазуу жүзүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагына алгач инвести-ция катары алып келген инвестор аталган мүлктү жана маалыматты КыргызРеспубликасынын чегинен сырткары алып чыгууга (квотасыз, лицензиясызжана тышкы соода ишин тарифсиз жөнгө салуунун башка чараларын ага кол-донуусуз) укуктуу. 6-статья. Инвестицияларды экспроприациялоодон коргоо жана инвесторлорго чыгымынын ордун толтурууга кепилдиктер 1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурлар-да экспроприация дискриминациялабоонун негизинде, коомдук кызыкчылыктамыйзамдык тартипти так сактоо менен ишке ашырылса жана алынбай калганпайданы кошо алганда зыяндын ордун тиешелүү түрдө жана реалдуу толту-руу, өз убагында төлөө менен жүргүзүлсө, инвестициялар экспроприация-ланбайт (мамлекеттештирбейт, реквизицияланбайт же инвестордун каражат-тарын мажбурлап алып коюуга же инвестициялардын жыйынтыгынан пайдалануумүмкүнчүлүгүнөн аны ажыратууга кириптер кылуучу Кыргыз Республикасыныныйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан аракетти же аракетсиз-дикти камтуучу башка эквиваленттүү чаралар көрүлбөйт). 2. Ордун толтуруу экспроприация жөнүндө чечим кабыл алынган дата-нын өзүндө, алынбай калган пайданы кошкондо, экспроприацияланган инвес-тициялардын же анын бир бөлүгүнүн объективдүү рынок баасына эквива-ленттүү болууга тийиш. Объективдүү рынок баасы мурдагы экспроприациялоожөнүндө маалымдуу болушунун натыйжасында наркта кандайдыр бир өзгөрүүнүчагылдырбоого тийиш. 3. Ордун толтуруу реалдуу ишке ашырылууга, тараптар макулдашканмөөнөттө бүткөрүлүүгө тийиш жана эркин алмаштырылуучу валютада төлөнөт.Ордун толтуруу LIBOR сунушунун Лондон банктар аралык ставка боюнча ком-пенсация эсептелүүчү мөөнөткө туш келүүчү АКШ доллары менен пайыздардыкамтыйт. Мөөнөт бир жылдан ашык узарган учурда LIBORдун он эки айлыкставкасы пайдаланылат. 4. Инвестордун инвестициясын баалоону жана ушул статьянын жоболо-руна ылайык ордун толтуруу төлөмүн кошкондо экспроприациянын таасиринедоо-талаптар болгон учурда тиешелүү мыйзамдык тартип Кыргыз Республика-сынын сот органдары же башка компетенттүү мамлекеттик органдары тарабы-нан ушул Мыйзамдын 18-статьясына ылайык инвесторлорго зыянынын ордунтолтуруу тартибин бузуусуз ишти тезинен карап берүү жагын карайт. 5. Кыргыз Республикасында согуштун же башка куралдуу кагылыштар-дын, революциянын, өзгөчө кырдаалдын, жарандык кагылышуулардын же башкаушундай жагдайлардын кесепетинен инвестициясына зыян келтирилген инвес-торлорго юридикалык статус берилет жана Кыргыз Республикасынын юридика-лык жана жеке жактарына колдонулуучу мамиледен кем эмес шарттартүзүлөт. 7-статья. Кирешелерди пайдалануу кепилдиги 1. Инвесторлор өз инвестицияларына жана алардан алган кирешелеринежана пайдаларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынба-ган бардык максаттарга эркин жана өз каалаганындай ээлик кылууга, пай-даланууга жана тескөөгө укуктуу. 2. Кирешелерди жана башка каражаттарды сактоо жана пайдалануу үчүнинвесторлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республи-касынын аймагында улуттук жана чет өлкөлүк валютада эсеп ачууга укук-туу. 8-статья. Акча операцияларынын эркиндиги 1. Валюталык операциялар инвесторлор тарабынан "Чет өлкөлүк валю-тада операциялар тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана КыргызРеспубликасынын валюталык жөнгө салуу тууралу башка ченемдик укуктукактыларына ылайык жүргүзүлөт. 2. Инвесторлор Кыргыз Республикасында инвестициялоого тиешелүүбардык төлөмдөрдү төлөөдө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын баш-ка бардык валютага эркин алмаштырууга укуктуу. 3. Инвестицияга байланышкан Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк ва-лютадагы бардык акча которуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте эркин жана тоскоолдуксуз жүргүзүлөт. 4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына Кыргыз Республикасында жанаанын чегинен тышкары чет өлкөлүк валютада акча которууларды чектегенченемдер киргизилгенде, алар чет өлкөлүк инвесторлорго таралбайт. Четөлкөлүк инвесторлор үчүн мындай чектөөлөр акчанын изин жашыруу боюнчаоперациялардын алдын алуу максатындагы мыйзамдын негизинде гана кирги-зилиши мүмкүн. 9-статья. Ачык маалыматка эркин жетимдүүлүк 1. Кыргыз Республикасынын бардык ченемдик укуктук актылары, ошон-дой эле инвесторлордун таламдарына кандайдыр бир жол менен тиешеси барсот чечимдери аларга жетимдүү болууга, ал эми Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында тикеден-тике каралган учурда алар жарыяланууга тийиш. 2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана кызмат адам-дары инвесторлордун талабы боюнча аларды кызыктырган ачык маалыматтардыКыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте берет. 10-статья. Инвесторлордун экономикалык өз алдынчалыгы жана инвесторлордун укугун таануу 1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса,инвесторлор түзүлүүчү юридикалык жактын уставдык капиталынын өлчөмүн,курамын жана түзүмүн эркин тандоого укуктуу. 2. Инвесторлор юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде четөлкөлүк инвесторлор менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкинвестициялык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон экономика-лык иш-аракетти жүргүзүүгө укуктуу. 3. Инвесторлор Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарын сактоо менен туунду ишканаларды, ошондой эле филиал-дарды жана өкүлчүлүктөрдү түзө алышат. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр баш-кы (негизги) коом бекиткен жоболордун негизинде иш жүргүзөт жана өзиш-аракетин аларды түзгөн коомдун атынан жүзөгө ашырат. Башкы (негизги)коом филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишине жоопкерчилик тартат. 4. Инвестор келишимдин негизинде өз укуктарын (талаптарга көнүү)жана милдеттерин (карыздарды которуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына ылайык өткөрүп берүүгө укуктуу. 5. Инвесторлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыктыяр-дуу негизде Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана башкабирикмелерди түзө алышат. 6. Инвесторлор Кыргыз Республикасына акча каражаттарын кредиттер,баалуу кагаздар эмиссиялары жана карыз түрүндө тартууга укуктуу. Инвес-тордун милдеттерин камсыз кылуучу катары анын мүлкү жана ар түрдүүмүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарынын түрлөрү пайдаланылышы мүмкүн. 7. Инвестор мамлекеттик жана коммуналдык мүлккө менчик укугун жеменчиктештирилүүчү ишкананын уставдык капиталындагы үлүштөрдү, акция-ларды (үлүштөрдү, салымдарды) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-гиленген тартипте сатып алуу жолу менен мамлекеттик жана коммуналдыкменчиктин объекттерин менчиктештирүүгө катыша алат. 8. Инвестор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Рес-публикасында катталган юридикалык жактардын баалуу кагаздарын, акция-ларды жана мамлекеттик башка баалуу кагаздарды сатып алууга укуктуу. 9. Кыргыз Республикасы жана анын кызмат адамдары интелллектуалдыкменчикке жана мүлккө карата инвесторлордун бардык укуктарын, ошондойэле чет өлкөлүк инвестицияларга тиешелүү укуктарды тааныйт. 10. Курулуштарга жана курулмаларга менчик укугу өткөн учурда, булобъекттер менен бирге жер участокторун пайдалануу укугу Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда өтөт. 11. Инвестор жер участогун ижаралоого укуктарды Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте алышы мүмкүн. 11-статья. Концессиялык келишимдер 1. Инвесторлорго жаратылыш ресурстарын жана кен байлыктарын чал-гындоого, иштетүүгө жана эксплуатациялоого, башка чарбалык иштижүргүзүүгө концессияларды берүү инвесторлор Кыргыз Республикасынын ый-гарым укуктуу мамлекеттик органдары менен түзүүчү концессиялык келишим-дердин, макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте жүргүзүлөт. 2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбасажана түзүлүүчү концессиялык келишимдердин максаттарына жооп берсе, кон-цессияларга иштин бардык чөйрөлөрүндө жана түрлөрүндө жол берилет. 12-статья. Өзгөчө эркин экономикалык зоналардагы инвестициялар Өзгөчө экономикалык зоналарда инвестицияларды ишке ашырууга КыргызРеспубликасынын өзгөчө экономикалык зоналар жөнүндө мыйзамдарынын че-немдери колдонулат. 3-Глава Инвесторлорду жана инвестицияларды мамлекеттик колдоо 13-статья. Инвесторлорду жана инвестицияларды мамлекеттик колдоонун максаттары 1. Жагымдуу инвестициялык абалды түзүү жана республиканын экономи-касына тике инвестицияларды тартуу инвесторлорду жана инвестициялардыколдоонун максаты болуп саналат. 2. Инвесторлорду мамлекеттик колдоону жана коргоону, инвестиция-ларды илгерилетүүнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. 14-статья. Инвесторлорду колдоону жана коргоону, инвестицияларды илгерилетүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 1. Кыргыз Республикасында инвесторлорду мамлекеттик колдоо жанакоргоо, инвестицияларды илгерилетүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Жобого ылайык төмөнкүдөйиш-аракеттерди аткарат: - мамлекеттик органдар менен инвесторлордун ортосунда байланыштыкамсыз кылат; - Кыргыз Республикасында инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана шарттаржөнүндө маалыматты даярдайт жана таратат; - конкреттүү иш-аракеттерге карата юридикалык, экономикалык жанабашка маселелер боюнча потенциалдуу инвесторлорго кењешин берет; - инвесторлорго иш-аракет жүргүзүүгө уруксат берилген тартипкебайланышкан керектүү маалыматты берет жана зарыл жардамды көрсөтөт; - иштеп жаткан жана потенциалдуу инвесторлорду, эгерде алар мамле-кеттик же башка органдар тарабынан мыйзамсыз жана жолтоо болуучу ара-кеттерге кириптер болсо, колдоону жана коргоону кошо алганда, проблема-ларын чечүүгө активдүү көмөк көрсөтөт; - Кыргыз Республикасында инвестициялык абалды жакшыртуу боюнчаКыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн сунуштарды иштеп чы-гат; - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктарын аткарат жана өз компе-тенциясынын чегинде инвестициялар боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө жекењештерге катышууга укуктуу; - эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Кыргыз Республикасынынмилдеттенмелерин аткарууга багытталган чараларды көрөт, эл аралык кыз-матташтык боюнча иш-чараларды жүргүзөт, чет өлкөлүк тажрыйбаныизилдөөнү жана пайдаланууну уюштурат; - инвестиция жаатындагы учурдагы же пландаштырылган саясат боюнчамамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына кењешин берет; - таламдаш министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте инвести-циялык долбоорлордун жана программалардын конкурсун уюштурат жанаөткөрөт; - Кыргыз Республикасында инвестицияларды илгерилетүүгө, инвестор-лорду колдоого жана коргоого багытталган башка функцияларды жүзөгө ашы-рат. 2. Инвесторлор бирдей негизде инвестицияларды илгерилетүүгө ыйга-рым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүүчү өз кызыкчылактарын өнүктүрүүжана коргоо боюнча кызматтардан пайдаланууга укуктуу, бирок милдеттүүэмес. 4-Глава Инвесторлор үчүн эмгек мыйзамдарынын көрсөтмөлөрү 15-статья. Инвесторлор менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосундагы эмгек мамилелери Инвестор менен Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган кыз-маткерлердин ортосундагы мамиле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарыменен жөнгө салынат. 16-статья. Кыргыз Республикасынын жараны болбогон кызматкерлерди тартуу 1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвесторлор КыргызРеспубликасынын жараны болбогон кызматкерлерди эркин жалдоого укуктуу.Кыргыз Республикасынын жараны болбогон кызматкерлер ишкананын жетекчиоргандарына жалданышы мүмкүн. 2. Инвестордун кызматкерге төлөөчү эмгек акы, сыйакы жана ордунтолтуруунун башка түрлөрү, ошондой эле анын башка кирешелери КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте салык жана башкамилдеттүү төлөмдөрдү төлөө шарты менен Кыргыз Республикасынан тышкарыкоторулушу мүмкүн. 3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасында ин-вестициялык иш-аракеттин чегинде чет өлкөлүк жарандардын эмгектикиш-аракет мезгилинде алардын келүүсүнө, кетүүсүнө жана туруусунакөмөктөшөт. 17-статья. Социалдык камсыздандыруу жана камсыз кылуу 1. Инвесторлор Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган өзкызматкерлерине, жарандыгы жок жактарга мамлекеттик социалдык камсыз-дандыруунун бардык түрдөгү камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча чегерүүлөрдүКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт. 2. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкачакаралбаса, чет өлкөлүк инвестор чет өлкөлүк кызматкер үчүн социалдыккамсыздандыруу жана социалдык камсыз кылуу боюнча төлөмдөрдү чет мамле-кеттин тиешелүү фонддоруна которууга укуктуу. 5-Глава Корутунду жоболор 18-статья. Инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү 1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвестициялык та-лаш-тартыштар укуктук жактан коргоонун башка каражаттарын инвесторлортарабынан пайдаланылышын жокко чыгарбаган, инвесторлор менен КыргызРеспубликасынын мамлекеттик органдарынын ортосунда алдын ала макулда-шылган колдонулуучу бардык жол-жобого ылайык чечилет. 2. Мындай макулдашуу болбогон учурда Кыргыз Республикасынын ыйга-рым укуктуу мамлекеттик органдары менен инвесторлордун ортосундагы ин-вестициялык талаш-тартыш мүмкүн болушунча тараптар ортосундагы кењешүүжолу менен чечилет. Эгерде тараптар мындай кењешүү үчүн жазуу жүзүндөкайрылууну алган күндөн тартып үч айдын ичинде талаш-тартышты тынышуужолу менен жөнгө салбаса, эгерде чет өлкөлүк инвестор менен Кыргыз Рес-публикасынын мамлекеттик органынын ортосунда талаш-тартыш болгон учурдатараптардын бири кайрылуу жолу менен төмөнкүдөй жол-жоболордун биринеылайык талаш-тартышты кароону суранбаса, инвестор менен Кыргыз Респуб-ликасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы инвестициялык бардык та-лаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын сот органдарында чечилет: а) мамлекеттер менен башка мамлекеттердин жарандарынын ортосундагыинвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча Конвенциянын же Бор-бордун секретариаты тарабынан угууларды өткөрүү үчүн кошумча каражат-тарды пайдаланууну жөнгө салуучу эрежелердин негизинде инвестициялыкталаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык Борборго (ИТЧЭБ); же б) Эл аралык соода укугу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун комиссия-сынын арбитраждык эрежелерине ылайык түзүлгөн арбитражга же эл аралыкубактылуу арбитраждык трибуналга (коммерциялык сот). 3. Эгерде инвестициялык талаш-тартыш ушул статьянын 2-пунктунун"а" жана "б" пунктчаларында аталган арбитражга берилсе, Кыргыз Респуб-ликасы талаш-тартыш эл аралык арбитражга берилгенге чейин бардык ичкиадминистрациялык же сот жол-жоболорун алдын ала колдонууну талап кылууукугунан баш тартат. 4. Эгерде тараптар талаш-тартыштарды жөнгө салуу үчүн башка бардыкжол-жобо жөнүндө макулдаша албаса, чет өлкөлүк инвесторлор менен атамекендик инвесторлордун ортосундагы бардык инвестициялык талаш-тартыш-тар Кыргыз Республикасынын сот органдарында, анын ичинде ички жана эларалык арбитраж тарабынан каралат. 5. Чет өлкөлүк инвесторлор менен Кыргыз Республикасынын жеке, юри-дикалык жактарынын ортосундагы талаш-тартыштар тараптардын макулдашуусубоюнча бейтарап сотунда, анын ичинде андан тышкары жайгашкан жерде че-чилиши мүмкүн. Мындай макулдашуу болбогон учурда талаш-тартыштар КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет. 19-статья. Инвестициялар боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери Кыргыз Республикасы чет өлкөлүк жана (же) ата мекендик инвестиция-ларды тартуучу Кыргыз Республикасынын резиденттеринин жана резидентиэместеринин милдеттенмелери боюнча, бул милдеттенмелер Кыргыз Республи-касынын мыйзамдары менен мамлекет тарабынан белгиленген тартипте кепил-денгенден башка учурларда, жооп бербейт. 20-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын инвесторлор тарабынан сакталышы 1. Инвесторлор Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалыкиш-аракет жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого тийиш. 2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулган учурда,инвестор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тар-тат. 21-статья. Чет өлкөлүктөр менен катышы бар юридикалык жактарды мамлекеттик каттоонун өзгөчөлүктөрү Чет өлкөлүктөр менен катышы бар юридикалык жактарды, ошондой элеалардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо, кайра кат-тоо жана жоюу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "КыргызРеспубликасынын юридикалык жактарын мамлекеттик каттоо жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк инвестор кошумча төмөнкүдөй документтерди берет: - уюмдаштыруучу катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жак - реест-рден уюмдаштыруучу өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридика-лык жак экендигин ырастоочу, нотариус күбөлөндүргөн мамлекеттик же рас-мий тилдеги котормосунун мыйзамдаштырылган көчүрмөсүн. Жогорудакөрсөтүлгөн документтерди мыйзамдаштыруу КМШ мамлекеттеринин катышуучу-ларынын юридикалык жактары үчүн талап кылынбайт; - уюмдаштыруучу катары чыккан чет өлкөлүк жак - паспорттункөчүрмөсүн же адамдын инсандыгын ырастоочу башка документти (визанынмөөнөтүн көрсөтүү менен) мамлекеттик же расмий тилдеги котормосун нота-риуста күбөлөндүрүүсү менен. 22-статья. Инвестицияларды камсыздандыруу 1. Инвесторлордун инвестицияларын жана тобокелчилигин камсызданды-руу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ме-нен камсыздандыруу милдеттүү түрдө каралбаса, иывестициялар жана тобо-келчиликтер Кыргыз Республикасындагыдай эле анын чегинен тышкары жер-лерде да камсыздандырылышы мүмкүн. 2. Кыргыз Республикасы камсыздандыруу уюмдарынын милдеттенмелерибоюнча жооп бербейт. 23-статья. Ушул Мыйзамды ал кабыл алынганга чейин иштеп жаткан чет өлкөлүк инвестицияларга колдонуу Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында күчүнө киргенге чейин катталганчет өлкөлүк инвесторлорго "Кыргызстан Республикасында чет өлкөлүк ин-вестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (Кыргызстан Рес-публикасынын Жогорку Советинин Ведомсттору, 1991-ж., N 13, 449-ст.)20-статьясынын биринчи бөлүгүндө жана 23-статьясында каралган жењилдик-тер 1993-жылдын 7-майындагы жана 1995-жылдын 28-июлундагы өзгөртүүлөрүжана толуктоолору (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомстто-ру, 1993-ж., N 9, 181-ст., 1995-ж., N 10, 390-ст.) менен алардынмөөнөтү бүткөнгө чейин колдонулат. 24-статья. Инвестициялык иш-аракетти жүзөгө ашырууга байланышкан иш-аракеттеги айкындуулук Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестициялык иш-аракетти жөнгөсалуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын бардык ченемдик укуктук акты-ларын массалык маалымат каражаттарында жарыялайт. 25-статья. Ушул Мыйзамды ишке киргизүү 1. Ушул Мыйзам жарыялангандан учурдан тартып күчүнө кирет. 2. "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку КењешининВедомосттору, 1997-ж., N 10, 475-ст.) күчүн жоготту деп табылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө: - ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндөсунуш даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизсин; - өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев 2003-жылы 7-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган