ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 2 июля 2018 года № 309 «Об утверждении Меморандума между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Турецкой Республики относительно Устава Кыргызско-Турецкого университета»Манас«, подписанного 23 августа 2012 года в городе Бишкек»

Редакцияот 02.07.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 2-июлу № 309

Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставына тиешелүү меморандумду бекитүү жөнүндө

 

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставына мамлекеттик тилде тиркелген тиешелүү Меморандум бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркия тарапка аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аталган Меморандумду ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев