ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства Кыргызской Республикиот 22 января 2018 года № 46 «О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики»О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 29-мартындагы № 260 жарлыгынын негизинде

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 22-январы № 46

"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Байпакбаев Э.Ж., Исаева Д.Ш., Тулендыбаев П.Р., Ибраимжанов Б.С. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 46 токтому менен жактырылган

"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Байпакбаев Э.Ж., Исаева Д.Ш, Тулендыбаев П.Р., Ибраимжанов Б.С. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.

Бул Мыйзамды кабыл алуу жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө маселелерин, ошондой эле ветеринария тармагындагы башка маселелерди, атап айтканда малдын тарпы көмүлгөн жерлерди жана ветеринардык көзөмөлдүн башка объекттерин эл аралык ченемдерге ылайык кармоого жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен соодалык-экономикалык мамилесин өнүктүрүү маселесин чечүү үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну колдойт.