ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства Кыргызской Республики от 22 января 2018 года № 51 «О проекте Закона Кыргызской Республики»О внесении изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 22-январы № 51

"Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аталган мыйзамдын долбоору каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-статьянын 6-бөлүгү "башка укук коргоо органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Кодекстин 427-статьясында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 427-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"427-статья. Кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо өзгөчөлүктөрү

Саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды иштен бошотуу, иштен бошотуу күнүн жана себептерин жазма баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же акы аз төлөнүүчү ишти аткарган жана тартиптик жаза берилген мезгил үчүн акы төлөө маселелери боюнча жекече эмгек талаш-тартыштары соттук эмес тартипте чечилет.

Ушул статьяда аталган жагдайлар боюнча кабыл алынган чечимдер даттанууга жатпайт.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти