Баетов айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № XII/2 «Таза Суу Таза Аймак» муниципалдык ишканасынын 2022-жылга кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы
2022-жылдын 17-марты № XII/2
“Таза Суу Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө.
“Таза Суу Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын “Таза Суу Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүү үчүн айына төлөнүүчү төлөм акысы:
• мончолор айына төлөнүүчү төлөм акы 1000 (бир миң ) сом өлчөмүндө;
• мезгил менен иштеген ишканалар ( пескоблок чыгаруучу цехтер, машина жуучу жайлар) 15-апрелден 15-октябрга чейин төлөнүүчү төлөм акы 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө бектилсин.
2. Баетов айыл аймагынын тургундарынын таштанды үчүн төлөнүүчү төлөм акысы:
• ар бир түтүн кварталына 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө;
• коммерциялык иш кылган жактарга ( чач тарач, дүкөн, машина жуучу жай, ж.блар) айына 150 (бир жүз элүү) сом өлчөмүндө;
• мекеме ишканаларына 1куб-700 ( жети жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Баетов айылдык Кеңешинин “Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук коргоо тартиби” боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ч.Азимжанов |