ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 23 августа 2018 года № 388 «Об утверждении Соглашения об информационном взаимодействии государств-участников Содружества Независимых Государств в области обеспечения транспортной безопасности, подписанного 30 мая 2014 года в городе Минск»

Редакцияот 23.08.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 23-августу № 388

2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган транспорттук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин маалыматтык өз ара аракеттери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

 

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Транспорттук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин маалыматтык өз ара аракеттери жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев