Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 4 ноября 2016 года № 186 «Об определении банковских учреждений для открытия специальных счетов фондов групп агитации на референдуме Кыргызской Республики, назначенном на 11 декабря 2016 года»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-ноябры № 186
2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 13-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторунун фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп "РСК Банк" ААКсы жана "Айыл Банк" ААКсы белгиленсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М.Баатыровага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|