ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 9 сентября 2017 года № 431 «О регистрации уполномоченного представителя кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Сариева Темира Аргембаевича»

Редакцияот 09.09.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 9-сентябры № 431

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

"Акшумкар" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер Т.А.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1, 2, 3, 4, 5-бөлүктөрүн "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А.Сариевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Кылжыев Самат Аскербекович катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А.Сариевдин катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү ырастама берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова