ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 5 августа 2017 года № 322 «О прекращении полномочий уполномоченных представителей кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Малиева А.К.»

Редакцияот 05.08.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 5-августу № 322

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

2017-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Малиевден өзүнүн шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кайра чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 8-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Малиевдин шайлоо боюнча Айылчиева Анаркуль Содобекова жана каржы боюнча Нонкина Лариса Викторовна ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Айылчиева Анаркуль Содобековага № 310 жана Нонкина Лариса Викторовнага № 291 берилген каттоо ырастамалары ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова