К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-августундагы № 327 М.Т.Айманбаевди каттоодон баш тартуу жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 327
Принят
7 августа 2017 года
Издал
Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики

Регистрация и публикация

Публикация
газета "Эркин-Тоо" № 92 · 11 августа 2017 года
В реестре с
24 августа 2017 года

В реестре

Код Минюста
12456

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 07.08.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 7-августу № 327

М.Т.Айманбаевди каттоодон баш тартуу жөнүндө

2017-жылдын 27-июлунда Айманбаев Муканбайжан Төлөновичтен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке коюу ниети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына арызы түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан Айманбаев Муканбайжан Төлөновичке шайлоо фондун түзүү үчүн "РСК Банк" же "Айыл Банк" ААКларында атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн зарыл документтер берилген.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 54-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Президенттин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлгөндөн кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн шайлоо фондун түзөт.

Айманбаев Муканбайжан Төлөнович шайлоо фондун ачууну ырастаган документтерди Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берген эмес жана 2017-жылдын 7-августуна карата абал боюнча шайлоо фонду ачылган эмес.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесине ылайык, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкердин өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөнү, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53, 54-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айманбаев Муканбайжан Төлөновичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартылсын.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова

 

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.