К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борборду комисиясынын 2017-жылдын 7-августундагы № 329 «Р.П.Ремневду каттоодон баш тартуу жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 329
Принят
7 августа 2017 года
Издал
Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики

Регистрация и публикация

Публикация
газета "Эркин-Тоо" № 92 · 11 августа 2017 года
В реестре с
24 августа 2017 года

В реестре

Код Минюста
12458

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 07.08.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 7-августу № 329

Р.П.Ремневду каттоодон баш тартуу жөнүндө

2017-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жараны Ремнев Роман Павловичтен арыз келип түштү.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 50-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. Паспорттук маалыматтарына ылайык, азыркы учурда Р.П.Ремнев 34 жашта, буга байланыштуу Р.П.Ремнев Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талапка жооп бербейт.

Баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 50-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ремнев Роман Павловичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартылсын.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова

 

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.