ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 24 сентября 2017 года № 466 «О назначении выборов главы Орокского айыл окмоту Сокулукского района Чуйской области»

Редакцияот 24.09.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 24-сентябры № 466

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 332-Б тескемесине ылайык, Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Чоодуев Уран Казымбекович, Сокулук районунун прокуратурасынын 2017-жылдын 6-сентябрындагы № 11/500-17 сунуштамасынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 11-октябрына дайындалсын жана саат 09.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова