ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 24 сентября 2017 года № 471 «Об отзыве доверенного лица кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Сариева Темира Аргембаевича»

Редакцияот 24.09.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 24-сентябры № 471

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А.Сариевдин ишенимдүү адамын чакыртып алуу жөнүндө

2017-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А.Сариевден өзүнүн ишенимдүү адамын чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 7-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А.Сариевдин ишенимдүү адамы болуп катталган Орунбаева Жайнагул Сулаймановна чакыртып алынсын.

2. Орунбаева Жайнагул Сулаймановнага № 92 берилген ырыстамасы ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып жокко чыгарылсын.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова