Постановление Правительства КР от 22 октября 2018 года № 495 «Об утверждении Положения о порядке передачи, хранения, экспертизы, оценки и реализации драгоценных металлов, драгоценных камней, жемчугов, изделий из них, а также лома таких изделий, на которые обращено взыскание»
Этот документ есть на русском языкеРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-октябры № 495
Өндүрүп алынган баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын өткөрүп берүү, сактоо, экспертизалоо, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өндүрүп алынган баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын өткөрүп берүү, сактоо, экспертизалоо, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |