ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 28 января 2019 года № 29 «Об утверждении ставок пробирного сбора и Порядка уплаты пробирного сбора»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 156 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 28-январы № 29

Сынам жыйымынын ставкаларын жана Сынам жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө

 

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 25-главасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Сынам жыйымынын ставкалары, 1-тиркемеге ылайык;

- Сынам жыйымын төлөөнүн тартиби, 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 8-февралындагы N 9 жарыяланды

 

Премьер-министри

 

М.Абылгазиев

 

 

 

1-тиркеме

Сынам жыйымынын СТАВКАЛАРЫ

№

Жумуштун аталышы

Чен бирдиги

Ставкалардын өлчөмү (сом менен)

1

Баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарга жана башка буюмдарга сынам белгисин жана эн тамгасын коюу

 

 

1.1

Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн түшүүчү зергердик буюмдар, анын ичинде оңдоодон (реставрациялоодон) кийин:

 

 

 

а) алтын, платина, палладий;

1 даана

17

 

б) күмүш.

1 даана

12

 

Саат корпустары:

 

 

 

а) алтын, платина, палладий;

1 даана

94

 

б) күмүш

1 даана

44

1.2

Чет өлкөлүк өндүрүштөн чыккан, чет өлкөдөн сатып алынган, мурда колдонулган жана жеке адамдардан же юридикалык жактардан түшкөн зергердик буюмдар:

 

 

 

а) алтын, платина, палладий;

1 даана

34

 

б) күмүш.

1 даана

24

 

Саат корпустары:

 

 

 

а) алтын, платина, палладий;

1 даана

114

 

б) күмүш

1 даана

54

2

Зергердик буюмдарда жана башка эритмелерде баалуу металлдардын камтылышын химиялык метод менен анализдөө

1 анализ

550