ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 20 февраля 2019 года № 70 «Об утверждении Соглашения об обмене информацией, необходимой для определения и контроля таможенной стоимости товаров в государствах-участниках Содружества Независимых Государств, подписанного 3 ноября 2017 года в городе Ташкент»

Редакцияот 20.02.2019
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 20-февралы № 70

2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринде товарлардын бажылык наркын аныктоо жана контролдоо үчүн зарыл болгон маалымат алмашуу тууралуу макулдашууну бекитүү жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринде товарлардын бажылык наркын аныктоо жана контролдоо үчүн зарыл болгон маалымат алмашуу тууралуу макулдашуунун 13-беренесине ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринде товарлардын бажылык наркын аныктоо жана контролдоо үчүн зарыл болгон маалымат алмашуу тууралуу расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы аталган Макулдашууну ишке ашыруу боюнча жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине ыйгарым укуктуу органдын аныкталгандыгы жана жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 22-февралында N 13 жарыяланды

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев