ПостановлениеДействует

Постановление ЦИК КР от 12 октября 2017 года № 511 «О регистрации доверенных лиц кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Мадумарова Адахана Кимсанбаевича»

Редакцияот 12.10.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2017-жылдын 12-октябры № 511

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкери Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтен ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин тиркемеге ылайык ишенимдүү адамдары болуп Кыргыз Республикасынын жарандары катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин тиркемеге ылайык ишенимдүү адамдарына үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 12-октябрындагы № 511 токтомуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун ишенимдүү адамдарынын тизмеси.

1. Апсаматов Өзгонбай Эргешбайевич

2. Можиев Кубанычбек Жоробекович

3. Джуматаев Таалайбек Алимбаевич

4. Мадумаров Абдусатар Кимсанбаевич

5. Жээнбаев Талайбек Азимбайович