ПостановлениеДействует

Постановление ЦИК КР от 13 октября 2017 года № 516 «Об аккредитации международных наблюдателей на выборах Президента Кыргызской Республики, назначенных на 15 октября 2017 года»

Редакцияот 13.10.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2017-жылдын 13-октябры № 516

2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр тиркемеге ылайык аккредитациялансын:

1) Ситуморанг Гопоксан, Индонезия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы;

2) Софи Хан Ака, Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы;

2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматовага жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Н.Шайлдабекова

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-октябрындагы № 516 токтомунун тиркемеси

Индонезия Республикасынын Башкы шайлоо комиссиясынан аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ

 

№ к/н

күб №

Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм

Ф.А.А.

Өлкө

Ээлеген кызматы

1

779

Индонезия Республикасынын Башкы шайлоо комиссиясы

Ситуморанг Гопоксан

Индонезия Республикасы

Индонезия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы

 

Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ

 

№ к/н

күб №

Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм

Ф.А.А.

Өлкө

Ээлеген кызматы

2

480

Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги

Софи Хан Ака

Афганистан Республикасы

Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы