ПостановлениеДействует

Кара-Буура айылдык кеңешинин2021-жылдын 24-январындагы № 2 «Убактылуу комиссия курамын түзүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 24.01.2022
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык кеңешинин

VIII  чакырылышынын  X сессиясы

 

2021-жылдын 24-январы № 2

Убактылуу комиссия курамын  түзүү жөнүндө

 

Кызыл-Адыр айылынын Ленин көчөсүнүн тургундарынын ооз эки  кайрылуусун  жана Кара-Буура  айылдык  кеңешинин депутаты Тыналиев Нурпаис Бейшеналиевичтин  сунушун сессияда талкуулап, Кара-Буура айылдык кеңешинин Регламентинин 16-бөлүмүнө ылайык Кара-Буура айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Адыр  айылынын  таштанды  таштоочу жайынын, “Арашан” жана “Эмилия” иш каналарынын  санитардык  абалын  аныктоо  үчүн  төмөндөгүдөй курамда убактылуу комиссия курамы түзүлсүн:

     Комиссиянын төрагасы: - Кара-Буура айыл өкмөт  башчысынын

                                                             орунбасары Раимбеков Улан Раимбекович;

     Комиссиянын мүчөлөрү:             - Керимкулов Эсенбек Алынбекович;

                                                           - Асылбеков Копболсун Кушубакович;

                                                           - Усупбекова Гульназ Касымбековна;

                                                           - Карбозова Салкын Орунбековна;

                                                           - Мирланов Улук-Мырза Мирланович;

                                               -Шамбетова  Лира  Узбековна;

-Кара-Буура райондук  мамлекеттик администрациясынын 1 өкүлү (макулдашуу менен);

-Санитардык эпидемиялык көзөмөлдөө борборунун 1 өкүлү (макулдашуу менен);

-Талас аймактык  экология жана климат боюнча Кара-Буура  райондук башкармалыктын башкы  инспектору Жумабеков Тынычбек Кабылбекович;  

2.Аткарылган иштер жөнүндө комиссия тарабынан кийинки сессияда маалымат берилсин.

 

Төрага

М.Джумагулов