ПостановлениеДействует

Кара-Бак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 20-майындагы № 30 «Зардалы айылындагы жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 20.05.2022
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

2022-жылдын 20-майы № 30

Зардалы айылындагы жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын  15-июль  айындагы 145 “ Жерлерди которуу  (  трансформациялоо )  жөнүндөгү” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомунун жетекчиликке алып, калкты жеке менчик турак-жай менен камсыздоо максатында жер аянтын которууга макулдук берүү үчүн Кара-Бак айылдык кеңеши

 

Токтом кылат

 

1.  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылынан  №  1000,1002 контурларда жайгашкан 21,0 га жер таштуу жайыт жер аянтын жеке менчик турак-жай куруу үчүн “Айылчарба багытындагы жерлер” категориясынын “Калктуу коштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.

2.  Жогоруда  белгиленген  жер  аянтынын  мындан  аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3.  Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кнешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшыралсын.

 

Айылдык кеңештин төрайымы:

Ж.Шадиманова