РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Президента КР от 4 февраля 2008 года РП № 49 (Об образовании Межведомственной комиссии по разработке и внедрению системы комплексного управления государственной границей)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

                                                                       КР Президентинин

2011-жылдын 3-ноябрындагы ПБ № 164 буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 4-февралы ПБ № 49

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

    

     Чегара коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик чегараны комплекстүү

башкаруу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү чөйрөсүндө мамлекет-

тик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында:

     1. Тиркемеге  ылайык курамда мамлекеттик чегараны комплекстүү баш-

каруу системасын  иштеп  чыгуу  жана  ишке киргизүү боюнча Ведомстволор

аралык комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлсүн.

     2. Комиссия алдында турган маселелерди чечүү үчүн белгиленген тар-

типте төмөнкүлөргө укуктуу экендиги аныкталсын.

     - аткаруу  бийлик,  мамлекеттик  башкаруу  органдарынын өкүлдөрүн,

атамекендик жана чет өлкөлүк эксперттерди тартууга (макулдашуу боюнча);

     - маалыматтарды суратууга, мамлекеттик чегараны комплекстүү башка-

руу системасын  иштеп  чыгуу  жана ишке киргизүү жаатында министрликтер

жана ведомстволор  тарабынан  өткөрүлүүчү ишчараларга мониторинг жүргү-

зүүгө.

     3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрация-

лык ведомстволордун, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетек-

чилери Комиссиянын ишине жардам берсин.

     4. Комиссиянын  жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Чегара

кызматы аныкталсын.

     5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Коопсуздук кењешинин аппаратына жүктөлсүн.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев

 

 

                                   Кыргыз Республикасынын Президентинин

                                        2008-жылдын 4-февралындагы

                                              № 49 буйругунун

                                                 тиркемеси

 

         Мамлекеттик чегараны комплекстүү башкаруу системасын

                 иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча

                    Ведомстволор аралык комиссиянын

                                КУРАМЫ

 

     Мамытов Токтокүчүк   - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин

     Болотбекович           катчысы, Комиссиянын төрагасы;

     Молдошев Замир       - Кыргыз Республикасынын   Чегара  кызматынын

     Мурзабекович           төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орунбаса-

                            ры.

 

                         Комиссиянын мүчөлөрү:

 

     Суранчиев Абдулда    - Кыргыз Республикасынын Президентинин  Адми-

     Шергазиевич            нистрациясынын коргоо жана коопсуздук иштер

                            боюнча бөлүмүнүн башчысынын орунбасары;

     Амираев Рахмат       - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппараты-

     Убайдуллаевич          нын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кыр-

                            даалдар бөлүмүнүн башчысы;

     Кыдыров Талайбек     - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер  минист-

     Тургунбаевич           ринин биринчи орунбасары;

     Субанов Темиркан     - Кыргыз  Республикасынын ички иштер  минист-

     Усурканович            ринин орунбасары;

     Исаков Эркин         - Кыргыз Республикасынын  транспорт жана ком-

     Абдыкасиевич           муникациялар министринин орунбасары;

     Дүйшеев Нурлан       - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана

     Арстанбекович          кайра иштетүү өнөржай министринин орунбаса-

                            ры;

     Абдикаримов Сабиржан - Кыргыз Республикасынын  саламаттык   сактоо

     Токтосунович           министринин  орунбасары  - башкы санитардык

                            врач;

     Кулматов Кубанычбек  - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы ко-

     Кењешович              митетинин төрагасынын биринчи орунбасары;

     Сабыров Токтосун     - Кыргыз Республикасынын Миграция  жана  ишке

     Ырыскельдиевич         орноштуруу  боюнча  мамлекеттик комитетинин

                            төрагасынын орунбасары;

     Мамасадыков Рустам   - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугу-

     Алайбекович            нун   мамлекеттик  комитетинин  төрагасынын

                            орунбасары;

     Орозалиев Виталий    - Кыргыз Республикасынын  Бањгизаттарга  кон-

     Керимович              ролдук   боюнча  агенттигинин  директорунун

                            орунбасары.