ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 27 августа 2019 года № 432 «Об утверждении Правил фитосанитарного зонирования территории Кыргызской Республики по карантинным вредным организмам растений»

Редакцияот 27.08.2019
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 27-августу № 432

Кыргыз Республикасынын аймагын өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдери боюнча фитосанитардык зоналаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу жана тоскоолдуксуз эл аралык соода үчүн шарттарды түзүү, "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен бекитилген, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продукцияларга жана карантинге алынуучу объекттерге карата коюлуучу Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарды жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын аймагын өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдери боюнча фитосанитардык зоналаштыруу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагын өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдери боюнча фитосанитардык зоналаштыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев