ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 29 августа 2019 года № 434 «Об утверждении Порядка ведения Единой электронной базы нотариальных документов»

Редакцияот 29.08.2019
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 29-августу № 434

Нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-сентябрындагы N 75 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев