Постановление Правительства КР от 2 сентября 2019 года № 446 «О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики»Об обеспечении единства измерений"
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-сентябры № 446
"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 43, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 222 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеси жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгү, 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 658 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015 -жылдын 2-мартындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 839 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
3-тиркеме |
Текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеси жана текшерүүнүн МЕЗГИЛДҮҮЛҮГҮ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 43 КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 222 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Өлчөө каражаттарынын аталышы | Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү | Эскертүү |
1. Заттардын келишин, чыгышын, деңгээлин, көлөмүн өлчөө | |||
1 | Сүт, вино жана вино материалдары үчүн автоцистерналар | Жылына 1 жолу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алуу, кабыл алуу, сактоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык |
2 | Нефти продуктулары үчүн автоцистерналар | Жылына 1 жолу | |
3 | Отун жана май таркатуучу колонкалар | Жарым жылда 1 жолу | |
4 | Нефти, нефти продуктулары үчүн эсептегичтер | Жылына бир жолу | |
5 | Нефти продуктулары үчүн резервуарлар | 5 жылда 1 жолу | |
6 | Суюлтулган газды таркатуучу колонкалар | Жарым жылда 1 жолу |
|
7 | Суюктуктун жана газдын чыгым ченегичтерин текшерүүчү түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
8 | Ротаметрлер | Жылына 1 жолу |
|
9 | Дозаторлор: |
|
|
Пипеткалуу | Жылына 1 жолу |
| |
Поршендүү | Жылына 1 жолу |
| |
10 | Сүт өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
11 | Суусундуктарды берүү үчүн чендер (айнектен жасалган) | Өндүрүштөн чыкканда |
|
12 | Суюк азыктардын дозаторлору, анын ичинде соода автоматтары | Жарым жылда 1 жолу |
|
13 | Спирт жана башка өнөр жай суюктуктары жана азыктар үчүн эсептегичтер | Жылына 1 жолу |
|
14 | Аспираторлор | Жылына 1 жолу |
|
15 | Деңгээлдин сигнализаторлору (автоматтык) | Жылына 1 жолу |
|
16 | Суюктукту берүү үчүн чендер (металлдан) | Жылына 1 жолу |
|
17 | Сыйымдуулук чендери (айнектен) | Өндүрүштөн чыкканда |
|
18 | Көчмө чендер | Жылына 1 жолу |
|
19 | 1 жана 2-класстагы техникалык чендер (стационардык) | 2 жылда 1 жолу |
|
20 | Өнөр жай суу эсептегичтери: | ||
21 | - шарттуу өткөрүү диаметри 15÷20 мм болгон; | 5 жылда 1 жолу | |
- шарттуу өткөрүү диаметри 20 мм жогору болгон | жылына 1 жолу | ||
Шарттуу өткөрүү диаметри 15÷20 мм болгон тиричиликтик суу эсептегичтери (ысык жана муздак суу үчүн) | 5 жылда 1 жолу | ||
22 | Өнөр жай жылуулук эсептегичтери: | ||
- шарттуу өткөрүү диаметри 15-20 мм болгон | 4 жылда 1 жолу | ||
- шарттуу өткөрүү диаметри 20 мм ашуун болгон | Жылына 1 жолу | ||
23 | Тиричиликтик жылуулук эсептегичтери | 4 жылда 1 жолу | |
24 | Өнөр жай газ эсептегичтери: | ||
- Turbo Flow UFG ультра үндүү; | 4 жылда 1 жолу | ||
- мембраналык, турбиналык жана башка | Жылына 1 жолу | ||
26 | Жука түтүктүү суу агызгычтар: |
|
|
- тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суу ташыбай агат, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөөчү курулмалар бети бетондолгон каналда курулат | 5 жылда 1 жолу | ||
- тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суу ташыбай агат, бирок төмөнкү бьефтеги каналдын иштөө шарттарына жараша (ылай басып кетет, чөп басып кетет) кийин аларды суу капташы мүмкүн, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөөчү курулмалар бети бетондолгон каналда курулат | 3 жылда 1 жолу |
| |
Жука түтүктүү суу агызгычтар: |
| ||
27 | Тосмосу бар суу агызгычтар: |
|
|
- тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөөчү курулмалар бети бетондолгон каналда курулат | 4 жылда 1 жолу | ||
28 | Чыгым ченегич ноолор: |
|
|
- тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөөчү курулмалар бети бетондолгон каналда курулат | 3 жылда 1 жолу | ||
29 | Атайын азайтуучу түзүлүштөрү бар чыгым эсептегичтер: - жогорку бьефте суунун агымынын режими жай, кошумча салынган жана жалгаштырылган өткөргүчтөр аркылуу суу ташып агат, курулманын айланасында ири фракциялардын агындылары чогулбайт | 3 жылда 1 жолу |
|
30 | Белгиленген нук" тибиндеги чыгым өлчөгүчтөр: - каналдагы суунун агымынын режими тегиз, курулманын айланасында агындылар чогулбайт, төмөнкү бьефте тирөөч жок, суу өлчөөчү курулмалар бети бетондолгон каналда курулат - каналдагы суунун агымынын режими тегиз, курулманын айланасында агындылар чогулбайт, төмөнкү бьефте тирөөч жок, бирок сууну чыгарган каналдын иштөө шарттарына жараша (ылай басып кетет, чөп басып кетет) суу өлчөөчү курулмалар бети бетондолгон каналда курулат | 5 жылда 1 жолу
3 жылда 1 жолу |
|
31 | Кол, табак анемометрлер (бардык типте) | Жылына 1 жолу |
|
32 | Индукциялык анемометрлер (бардык типте) | Жылына 1 жолу |
|
33 | Канатчалуу анемометрлер (бардык типте) | Жылына 1 жолу |
|
34 | Метроштоктор | Жылына 1 жолу |
|
35 | Лоту бар рулеткалар | Жылына 1 жолу |
|
36 | Узундуктун штрихтүү, анын ичинде брустуу чендери | Жылына 1 жолу |
|
37 | Шахта интерферометрлери | Жарым жылда 1 жолу |
|
38 | Деңгээл ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
39 | Булгаары өлчөөчү машиналар (булгаары калыптарынын жана үлгүлөрүнүн аянтын өлчөөчү машиналар) | Жылына 1 жолу |
|
40 | Булгаары өлчөөчү калыптар | Жылына 1 жолу |
|
41 | Кездеменин узундугун өлчөөчү машиналар жана үстөлдөр | Жылына 1 жолу |
|
42 | Контролдук электер | Жылына 1 жолу |
|
43 | Контролдук жол калыптар | Жылына 1 жолу |
|
44 | Теодолиттер | Жылына 1 жолу |
|
45 | Камералуу жана камерасыз диафрагмалар | Жылына 1 жолу |
|
46 | Суу агымынын ылдамдыгын ченегичтер | 2 жылда 1 жолу |
|
47 | Суу агымынын ылдамдыгын ченегичти текшерүүчү түзүлүштөр | 2 жылда 1 жолу |
|
48 | КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 222 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||
49 | РУГ тибиндеги деңгээл өлчөөчү гидромелиоративдик рейкалар | 2 жылда 1 жолу |
|
50 | Электрондук корректорлор-газ эсептегичтер | Жылына 1 жолу |
|
2. Механикалык чоңдуктарды өлчөөлөр | |||
51 | Клейковинанын деформациясын ченегич | Жылына 1 жолу |
|
52 | Маятниктүү копрлар | Жылына 1 жолу |
|
53 | Салмак өлчөөчү приборлор, түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
54 | Гирялар | Жылына 1 жолу |
|
55 | Бардык типтеги динамометрлер | Жылына 1 жолу |
|
56 | Динамометрлик ачкычтар | Жылына 1 жолу |
|
57 | Сыноочу машиналар | Жылына 1 жолу |
|
58 | Гидравликалык пресстер | Жылына 1 жолу |
|
59 | Бардык типтеги катуулукту өлчөө приборлору | Жылына 1 жолу |
|
60 | Пуркалар | Жылына 1 жолу |
|
61 | Секунда ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
62 | Саат, механикалык, электрдик, санариптик тахометрлер (бардык типте) | Жылына 1 жолу |
|
63 | Бардык типтеги спидометрлер жана тахографтар | 2 жылда 1 жолу |
|
64 | Шахталык көтөргүчтөрдүн жана локомотивдердин ылдамдыгын ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
65 | Таксометрлер | Жылына 1 жолу |
|
66 | Бурчтук өткөрүүнүн датчиктери | Жылына 1 жолу |
|
3. Басымды, вакуумду өлчөөлөр | |||
67 | Суюктуктардын, буунун жана газдын чыгымын ченегичтер жана дифманометрлер (анын ичинде экинчи жолку приборлор) | Жылына 1 жолу |
|
68 | Шахтадагы компрессометрлер жана оордук ченегичтер | 2 жылда 1 жолу |
|
69 | Көрсөтүүчү, өзү жазуучу жана аралыктык манометрлер (бардык тиби) | Жылына 1 жолу |
|
70 | Сфигмоманометрлер, тонометрлер | Жылына 1 жолу |
|
71 | Бардык типтеги жүк поршендүү манометрлер жана мановакуумметрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
72 | Микроманометрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
73 | Жантык түтүктүү микроманометрлер | Жылына 1 жолу |
|
74 | Деформациялык манометрлер, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер | Жылына 1 жолу |
|
75 | Суюктук манометрлери, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
76 | Төмөнкү абсолюттук басымдардын манометрлери | Жылына 1 жолу |
|
77 | "Сапфир", "Метран", ИПДЦ тибиндеги басым өзгөрткүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
78 | Дифманометрлерди - чыгым өлчөгүчтөрдү текшерүү үчүн көчмө приборлор | Жылына 1 жолу |
|
79 | Барометр-анероид | Жылына 1 жолу |
|
80 | Ашыкча басым датчиктери | Паспорттогу маалыматтарга ылайык |
|
81 | Барометрлер | Жылына 1 жолу |
|
4. Заттардын физикалык-химиялык курамын жана касиеттерин өлчөө | |||
82 | (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 43 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||
83 | (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 43 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||
84 | Нефти продуктуларынын күйүү температурасын аныктоочу приборлор | 2 жылда 1 жолу |
|
85 | Бардык типтеги рН-метрлердин комплекттери | Жылына 1 жолу |
|
86 | рН-метрлерге, нитрат ченегичтерге жана анализаторлорго электроддор | Жылына 1 жолу |
|
87 | Тыгыздык ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
88 | Май ченегичтер | Өндүрүштөн чыкканда |
|
89 | Вольтамперметрдик полярографтар жана анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
90 | Кондуктометрлер | Жылына 1 жолу |
|
91 | ГАИ, Инфралит, ГИАМ жана ушул сыяктуу автомобилдер иштеп чыккан газдын анализаторлору | Жарым жылда 1 жолу |
|
91-1 | Газдалуунун тиричиликтик сигнализаторлору | Жылына 1 жолу | |
92 | АН-7529, ГОУ тибиндеги лабораториялык анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
93 | Уулуу, күйүүчү, жарылуу кооптуулугу бар газдардын жана буулардын, дем менен чыккан абадагы этанол бууларынын концентрациясынын сигнализаторлору жана газ анализаторлору | Жарым жылда 1 жолу |
|
94 | УГ-2 тибиндеги газ анализаторлоруна сынам алуучу түзүлүштөр | 2 жылда 1 жолу |
|
95 | ЭТХ-1 тибиндеги термохимиялык эксплозиметрлер (көчмө) | Жарым жылда 1 жолу |
|
96 | Түтүн ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
97 | Абадагы чаңдын бөлүкчөлөрүнүн концентрациясын ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
98 | Электр химиялык сенсорлуу уулуу газдын сигнализаторлору жана газ анализаторлору | 3 айда 1 жолу |
|
99 | Хроматографтар | Жылына 1 жолу |
|
100 | Бардык типтеги буюмдардын жана материалдардын нымдуулугун ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
101 | Бардык типтеги ион ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
102 | Бардык типтеги ареометрлер | Жылына 1 жолу |
|
103 | Шарттуу илээшкектин вискозиметрлери | Жылына 1 жолу |
|
104 | Капиллярдуу вискозиметрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
105 | Заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин физикалык-химиялык көрсөткүчтөрүн аныктоонун анализаторлору | Жылына 1 жолу |
|
106 | Биохимиялык анализаторлор | Жылына 1 жолу | Оптикалык өлчөө системасын пайдаланбас-тан толук автоматташтырылган анализаторлордон тышкары (өлчөө функциялары менен техникалык түзүлүштөр) |
107 | Коагулометрлер | Жылына 1 жолу |
|
108 | Иммуноферменттик анализаторлор | Жылына 1 жолу | Оптикалык өлчөө системасын пайдаланбастан толук автоматташтырылган анализаторлордон тышкары (өлчөө функциялары менен техникалык түзүлүштөр) |
109 | Гематологиялык анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
110 | Медициналык багыттагы глюкометрлер | Жылына 1 жолу |
|
111 | Кондуктометрлик анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
5. Жылуулук-физикалык жана температуралык өлчөөлөр | |||
112 | Температуралык лампалар | Жылына 1 жолу |
|
113 | Термоэлектрдик температураны өзгөрткүчтөр, термобуулар, каршылык термометрлери | Жылына 1 жолу |
|
114 | Газ калориметрлери | Жарым жылда 1 жолу |
|
115 | Суюк жана катуу отун үчүн күйгүзүү калориметрлери (В-08М, В-08МА тибиндеги) | Жылына 1жолу |
|
116 | Медициналык термометрлер жана тепловизорлор: |
| |
- электрондук, байланышсыз | Жылына 1 жолу | ||
- сымаптык | Өндүрүштөн чыкканда | ||
117 | Метастатикалыктан башка лабораториялык айнек термометрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
118 | Метастатикалык термометрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
119 | Айнек суюктук термометрлери | 2 жылда 1 жолу |
|
120 | Бардык типтеги термометрлер (суюктуктан башка), термоэлектрдик өзгөрткүчтөр, анын ичинде экинчи жолку приборлор | Жылына 1 жолу |
|
121 | УВПТ, УТТ жана окшош түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
122 | Оптикалык пирометрлер | Жылына 1 жолу |
|
123 | Радиациялык пирометрлер | Жылына 1 жолу |
|
124 | Психрометрлер | Жылына 1 жолу |
|
125 | Психрометрикалык гигрометр (ВИТ-1, ВИТ-2 тибиндеги) | 2 жылда 1 жолу |
|
6. Туруктуу жана өзгөрүлмөлүү токтогу электрдик жана магниттик чоңдуктарды өлчөө | |||
126 | Электр энергиясынын эсептегичтери үч фазалуу индукциялык жана электрондук | 4 жылда 1 жолу |
|
127 | Электр энергиясынын эсептегичтери бир фазалуу индукциялык жана электрондук | 8 жылда 1 жолу |
|
128 | Электр энергиясынын микропроцессордук программаланган эсептегичтери | 8 жылда 1 жолу |
|
129 | а) 1000 В чейинки токтун жана чыңалуунун трансформаторлору | 4 жылда 1 жолу |
|
б) 1000 В жогору токтун жана чыңалуунун трансформаторлору | Оңдолгондон кийин жана өндүрүштөн чыккан учурда |
| |
130 | Обочолотуунун электрдик бекемдигин сыноо, обочолотуунун жана жерге туташтыруунун каршылыгын өлчөө үчүн приборлор | Жылына 1 жолу |
|
131 | Туруктуу жана өзгөрүлмөлүү талаанын магниттик индукциясын ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
132 | Электрдин өтүүсүн жана жоготуу бурчунун тангенсин өлчөө жана өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
133 | Ф1-2, Ф1-4 жана ушул сыяктуу типтеги фазанын калибраторлору | Жылына 1 жолу |
|
134 | Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун эталондук вольтметрлери | Жылына 1 жолу |
|
135 | Эталондук амперметрлер | Жылына 1 жолу |
|
136 | Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун эталондук амперметрлери | Жылына 1 жолу |
|
137 | Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун эталондук ваттметрлери | Жылына 1 жолу |
|
138 | Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун эталондук киловольтметрлери | Жылына 1 жолу |
|
139 | Фазометрлер | Жылына 1 жолу |
|
140 | Каршылык магазиндери | Жылына 1 жолу |
|
141 | Сыйымдуулуктун чени жана магазиндери | Жылына 1 жолу |
|
142 | Токтун жана чыңалуунун эталондук өлчөө трансформаторлору | 8 жылда 1 жолу |
|
143 | Электр энергиясынын эталондук эсептегичтери | 2 жылда 1 жолу |
|
7. Радиотехникалык жана радиоэлектрондук өлчөөлөр | |||
144 | Электр талаасынын чыңалуусун өлчөө үчүн приборлор | Жылына 1 жолу |
|
145 | Энергиянын агымынын тыгыздыгын ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
146 | Кубаттуулукту ченегич жана өлчөөчү бөрктөр | Жылына 1 жолу |
|
147 | Бошоңдоп кетүүнү өлчөөчү түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
148 | Аттенюаторлор | Жылына 1 жолу |
|
149 | Вольтметрлер | Жылына 1 жолу |
|
150 | Модуляцияны өлчөгүчтөр (амплитудалык жана жыштыктык) | Жылына 1 жолу |
|
151 | Импульстук генераторлорду текшерүүчү түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
152 | Тоскоолдуктарды ченегичтерди текшерүү үчүн түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
153 | Талаа чыңалуусунун ченегичтерин текшерүүчү түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
154 | Өлчөө линияларын текшерүү жана токтоп турган толкундарды өлчөө үчүн башка приборлорду текшерүүчү ченегичтер жана приборлор | Жылына 1 жолу |
|
155 | Бышыктыктын өлчөмдөрү жана ченегичтери | Жылына 1 жолу |
|
156 | Вольтметрлерди, үндүү, жогорку жана эң жогорку жыштыктагы генераторлорду жана башка жогорку жыштыктагы өлчөө приборлорун текшерүүчү приборлор жана түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
157 | Электростатикалык талаалардын деңгээлдерин ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
158 | ВИЗИР жана ушуга окшогон типтеги транспорт каражаттарынын ылдамдыгын видеого тартуу менен ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
159 | Жол кыймылынын эрежелерин бузуунун автоматтык фото-видеобайкоо системасы | Жылына 1 жолу |
|
8. Убакытты жана жыштыкты өлчөө | |||
160 | 41-50, 41-69, СЧВ-74 тибиндеги жана ушул сыяктуу жыштык чендери | Жылына 1 жолу |
|
161 | 44-13 тибиндеги жана ушул сыяктуу убакыт жана жыштыктын эталондук сигналдарын кабыл алгычтар | Жылына 1 жолу |
|
162 | Ч3-64, Ч3-65, Ч3-66, Ч3-70 тибиндеги жана ушул сыяктуу жыштыкты өзгөрткүчтөр, жыштыктын синтезаторлору, жыштыкты бөлгүчтөр жана көбөйткүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
163 | Механикалык жана электрдик секунда ченегичтер, хронометрлер, хроноскоптор жана убакыттын аралыгын өлчөөчү приборлор жана түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
164 | АУПМ4, АКП4-1 жана башка типтеги жыштык өлчөөчү түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
165 | Туташтыруу узактыгын өлчөө системасы | Жылына 1 жолу |
|
166 | Маалыматтарды өткөрүп берүүнү ченөө системасы | Жылына 1 жолу |
|
9. Оптикалык жана оптика-физикалык өлчөөлөр | |||
167 | Диоптриметрлер | Жылына 1 жолу |
|
168 | Поляриметрлер | Жылына 1 жолу |
|
169 | Рефрактометрлер | Жылына 1 жолу |
|
170 | Фотоэлектроколориметрлер | Жылына 1 жолу |
|
170-1 | Айнектин жарык өткөрүүсүн өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу | |
171 | Спектрофотометрлер, жалындуу фотометрлер | Жылына 1 жолу |
|
172 | Газ жана суюктук үчүн лабораториялык интерферометрлер | Жарым жылда 1 жолу |
|
173 | Көз айнектердин сынам топтому | Өндүрүштөн чыкканда |
|
174 | Люксметрлер | Жылына 1 жолу |
|
175 | Сахариметрлер | Жылына 1 жолу |
|
176 | Нефелометрлер | Жылына 1 жолу |
|
10. Виброакустикалык өлчөөлөр | |||
177 | Үн ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
178 | Өлчөөчү микрофондор | Жылына 1 жолу |
|
179 | Октавалуу, үч октавалуу, ичке тилкелүү электр чыпкалары | Жылына 1 жолу |
|
180 | Акустикалык калибраторлор | Жылына 1 жолу |
|
181 | Виброметрлер жана виброөлчөөчү өзгөрткүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
11. Иондоштуруучу нурлануунун жана ядролук константтын мүнөздөмөлөрүн өлчөө | |||
182 | Иондоштуруучу нурлануунун дозиметрлери | Жылына 1 жолу |
|
183 | Жеке дозиметрлер | Жылына 1 жолу |
|
184 | Иондоштуруучу нурланууну өлчөөчү универсалдык приборлор | Жылына 1 жолу |
|
185 | Рентгенометрлер | Жылына 1 жолу |
|
186 | Радиометрлер | Жылына 1 жолу |
|
187 | Лазердик дозиметрлер | Жылына 1 жолу |
|
188 | Селективдүү эмес радиометрлер | Жылына 1 жолу |
|
12. Медициналык багыттагы өлчөө каражаттары | |||
189 | Кардиографтар | Жылына 1 жолу |
|
190 | УЖЖ | Жылына 1 жолу |
|
191 | Электрофорез | Жылына 1 жолу |
|
192 | Төмөнкү жыштыктагы терапевттик аппараттар | Жылына 1 жолу |
|
13. Бузбоочу контролдоо үчүн өлчөө каражаттары | |||
193 | Ультраүндүү калыңдыкты өлчөгүчтөр жана дефектоскоптор | Жылына 1 жолу |
|
194 | Бардык типтеги дефектоскоптор | Жылына 1 жолу |
|