ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 29 октября 2019 года № 582 «Об утверждении Меморандума о взаимопонимании между таможенными администрациями государств-участников Совета сотрудничества тюркоязычных государств о сотрудничестве в области обеспечения соблюдения таможенных правил, подписанного 11 марта 2019 года в городе Нур-Султан»

Редакцияот 29.10.2019
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 29-октябры № 582

2019-жылдын 11-мартында Нур-Султан шаарында кол коюлган Бажы эрежелерин сактоону камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешине катышуучу мамлекеттердин бажы администрацияларынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 11-мартында Нур-Султан шаарында кол коюлган Бажы эрежелерин сактоону камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешине катышуучу мамлекеттердин бажы администрацияларынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө мамлекеттик тилде тиркелген меморандум бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түрк кеңешинин Катчылыгына жогоруда аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жогоруда аталган Меморандумду ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев