ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 25 ноября 2019 года № 634 «Об утверждении Протокола о внесении изменений в Соглашение о Правилах определения страны происхождения товаров в Содружестве Независимых Государств от 20 ноября 2009 года, подписанного 31 мая 2019 года в городе Ашхабад»

Редакцияот 25.11.2019
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 25-ноябры № 634

2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында расмий тилде кол коюлган 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев