ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 24 августа 2020 года № 441 «Об утверждении Порядка утверждения национальных эталонов единиц величин, ведения Государственного реестра национальных эталонов Кыргызской Республики»

Редакцияот 24.08.2020
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 24-августу № 441

Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө

"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 164 "Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 164 "Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 77 (3041) жарыяланды

 

Премьер-министр

К.А. Боронов