ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 22 апреля 2021 года № 163 «О проведении национальной кампании по государственной перерегистрации транспортных средств в период с 1 июня по 31 декабря 2021 года»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2021-жылдын 22-апрели № 163

2021-жылдын 1-июнунан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

- 2021-жылдын 1-июнунан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде жеке жана юридикалык жактардын транспорт каражаттарын жыйымдын нөлдүк ставкасы менен мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрсүн;

- аталган мөөнөттө транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрүү жөнүндө маалыматтык кампанияны жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет-ресурстарында уюштурсун.

2. 2021-жылдын 1-июнунан тартып 31-декабрына чейин транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрүү мезгилинде:

- жеке жана юридикалык жактардын транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо үчүн жыйымдын ставкасы нөл пайыздык өлчөмдө белгиленсин;

- транспорт каражаттарын кайра каттоо үчүн алынган жыйымдын өлчөмү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин 68-пунктун колдонуу токтотулсун.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

У.Марипов