ПостановлениеУтратил силу

Постановление Кабинета Министров КР от 14 мая 2021 года № 2 «О проекте Закона Кыргызской Республики»О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 14-майы № 2

"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине жана 86-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

 

Төрага

 

У.А. Марипов

 

 

 

 

 

Проект

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 80-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

259-беренесинде:

а) 2-бөлүгүндөгү "жактоочу жана мүлктүн баасын аныктаган адис" деген сөздөр "жактоочу, мүлктүн баасын аныктаган адис жана мүлкүнө камак салынышы мүмкүн болгон адам" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу тууралуу тергөө судьясынын токтому прокурор же шектелүүчү, айыпталуучу, жактоочу, жабырлануучу, анын өкүлү, ошондой эле мүлкүнө камак салынган адам тарабынан 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти