ПостановлениеДействует

ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 12 сентября 2017 года N 554 «О вопросах реализации системы добровольной сертификации, маркировки продукции и услуг на соответствие стандартам»Халал«на территории Кыргызской Республики»

Редакцияот 12.09.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 12-сентябры № 554

 

"Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу маселелери жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20, 22 жана 23-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо жол-жоболорун жүргүзүү жана аткаруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору белгиленген тартипте кабыл алынган улуттук стандарттарга ылайык "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү ыктыярдуу сертификациялоочу орган катары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн жоболорун ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 22-сентябрында № 104 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков