ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 30 марта 2010 года № 195 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Протокола о создании общего страхового рынка государств-членов Евразийского экономического сообщества, подписанного 27 ноября 2009 года в городе Минск»»

Редакцияот 30.03.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 30 марты № 195

“Евразиалык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин Жалпы камсыздандыруу рыногун түзүү жөнүндө 2009-жылы 27-ноябрда Минск шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык, мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. “Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жалпы камсыздандыруу рыногун түзүү жөнүндө 2009-жылы 27-ноябрда Минск шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫнын долбоору жөнүндө

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин Жалпы камсыздандыруу рыногун түзүү жөнүндө 2009-жылы 27-ноябрда Минск шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу

1 -берене

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жалпы камсыздандыруу рыногун түзүү жөнүндө 2009-жылы 27-ноябрда Минск шаарында кол коюлган протокол ратификациялансын.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги Евразиялык экономикалык биримдиктин Интеграциялык комитетине Кыргыз Республикасы аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин.

3-берене

Бул Мыйзам расмий жарыяланган учурда тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти