ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 8 апреля 2022 года № 199 «О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об утверждении Стратегии кибербезопасности Кыргызской Республики на 2019-2023 годы«от 24 июля 2019 года № 369»

Редакцияот 08.04.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 8-апрели № 199

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июлундагы № 369 "2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иш-чараларды оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июлундагы № 369 "2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

- 1-пунктунда:

1.5, 1.7-пунктчаларынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" деген графасындагы "2021-жылдын 30-июну" деген сөздөр "2023-жылдын 30-декабры" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1.6, 1.9-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;

1.8-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" деген графасындагы "2021-жылдын 30-июну" деген сөздөр "2023-жылдын 20-августу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1.11-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" деген графасындагы "июну" деген сөз "декабры" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 2, 3, 4-пункттары ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Тиркеме

"

2

Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негиздери

"Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди

2023-жылдын 20-декабры

Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар

УКМК, министрликтер жана ведомстволор

3

Мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматты камтыбаган маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу

Мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматты камтыбаган маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу

Мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматты камтыбаган маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо жөнүндө жобо бекитилди

2023-жылдын 20-декабры

Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар

УКМК, министрликтер жана ведомстволор

4

Компьютердик кылмыштуулукка каршы аракеттенүү

Эл аралык ыкмаларга ылайык компьютердик кылмыштардын курамдарын криминалдаштыруу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди

2023-жылдын 20-декабры

Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар

УКМК, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ИИМ, министрликтер жана ведомстволор

 

Төрага

А.У. Жапаров