ПостановлениеУтратил силу

Постановление Кабинета Министров КР от 8 сентября 2022 года № 487 «О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об утверждении Правил управления средствами пенсионных накоплений, формируемых в пользу застрахованных лиц, не воспользовавшихся правом выбора управляющей компании, Социальным фондом Кыргызской Республики«от 28 февраля 2017 года № 129»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 8-сентябры № 487

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 "Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Пенсиялык топтоо каражаттарынын өсүшүн жана сакталышын камсыз кылуу үчүн финансылык инструменттердин тизмегин кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 "Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелеринде:

- 4-пунктунда:

3-пунктчасындагы "35", "20" деген цифралар тиешелүү түрдө "25", "15" деген цифралар менен алмаштырылсын;

3-1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-1) пенсиялык топтоолордун наркынын 5 пайызынан ашпаган өлчөмдө кредиттик уюмдардагы чет өлкөлүк валютадагы мөөнөттүү депозиттерге. Мында пенсиялык топтоо каражаттары бир кредиттик уюмдун чет өлкөлүк валютадагы депозиттерине пенсиялык топтоолордун 15 пайызынан ашпаган өлчөмдө жана бир чет өлкөлүк валютада ушул пунктчада каралган пенсиялык топтоолордун наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө жайгаштырылышы мүмкүн;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров