ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 14 октября 2022 года № 565 «О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об утверждении Инструкции о порядке объявления органами национальной безопасности Кыргызской Республики официального предостережения«от 18 марта 2011 года № 110»

Редакцияот 14.10.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 14-октябры № 565

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбуласындагы "16-беренесинин 7-бөлүгүнө" деген сөздөр "21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускамада:

- 1-пунктундагы "16-беренесинин 7-бөлүгүнө" деген сөздөр "21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемесинде:

"16-беренесинин 7-бөлүгүнө" деген сөздөр "21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде:

"16" деген цифралар "21" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров